Мышыкты өлтүргөн жубайлар 3 жылга кесилди

18 февраля 2022 Мышыкты өлтүргөн жубайлар 3 жылга кесилди

Орусияда Северодвинск шаардык соту эркек кишини 3 жыл 5 айга, ал эми жубайын 3 жыл 2 айга эркинен ажыратты.

Жубайлар апасынын мышыгын кыйнап өлтүрүшкөн. Эки ай бою жубайлар мышыкты өтө мыкаачылык менен ар кандай заттарды колдонуп, мышыкты кордогону айтылат. Алар мышыктын кыйнап жатышканын видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялашкан.

Аталган видеожазуу Архангельск облусунун жана башка аймактардын көптөгөн тургундарынын нааразычылыгын жараткан. Интернетте мышыктын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жазалоону талап кылышат. Баса, эркек киши жаныбарларды кемсинткени үчүн эле эмес, банк картасын уурдаганы үчүн да соттолгон. Экспертизанын жыйынтыгында соттолгон адамдын психикалык абалы жакшы, ал эми жубайы ичкиликке берилип, психикалык жактан жабыркагандыгы аныкталган.

Алар апасынын көңүлүн калтыруу үчүн мышыкты кыйнашкан. Ошол эле учурда аял кылган ишине өкүнгөн эмес. Аял апасынан кечирим сурап, моралдык чыгым үчүн 5 миң рубль төлөп берген. Өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек.