Үлпөт той учурунда 13 адам кудукка түшүп кетип каза болду

18 февраля 2022 Үлпөт той учурунда 13 адам кудукка түшүп кетип каза болду

Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадеш штатында үйлөнүү үлпөтүнүн коноктору кудукка түшүп кетип, 13 адам каза болду, деп жазат BBC News.

Алардын 11и окуя болгон жерден, дагы экөө ооруканада каза болгон.

Басылманын маалыматына караганда, жабыркагандардын басымдуу бөлүгү аялдар жана жаш балдар.

Алар кудуктун үстүн жаап турган темир жабуунун үстүндө отурушкан. Металл салмакты көтөрө албай сынып кеткен.

Белгилүү болгондой, окуядан кийин тойдун башка коноктору жабыркагандарга жардам берүүгө аракет кылышкан.