Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда жабыла турган 17 жеке менчик медициналык окуу жайдын (медициналык бөлүм же факультеттер) тизмесин берди.
Алар:
1. Бишкек финансы-экономикалык академиясы (АДАМ университети);
2. "Ала-Тоо" эл аралык университети;
3. Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту;
4. Эл аралык медицина жогорку мектеби;
5. Кыргызстан эл аралык университети;
6. "Салымбеков университет" мекемеси;
7. "Авиценна" эл аралык медицина университети;
8. ЕУ эл аралык медицина университети;
9. Эл аралык медицина университети;
10. "Роэль Метрополитен" университети;
11. "АВС" академиясы;
12. Эл аралык медицина жана илим университети;
13. Бишкек эл аралык медицина институту;
14. Илим изилдөө медициналык-санитардык институту;
15. Кыргыз медицина-стоматологиялык институту;
16. Ош эл аралык медицина университети;
17. Эл аралык илим жана бизнес университети.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандагы 17 жеке менчик медициналык окуу жайды жабууну көздөп жатканын, алар талапка жооп бербей турганын айткан.