17 февраля 2022
Кыргызстанда азчылыкты түзгөн улуттун өкүлдөрү жашаган аймактардагы мектептерде кыргыз тилин окутууну күчөтүш керектигин Жогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурова билдирди.
"Москва районунун Александровка айылында жашаган калктын дээрлик 90 пайызы — дунган улутундагылар. Ушул айылдын эле мисалында айтып кетейин. Мектептерде кыргыз тилин окутууну күчөтүш керек болууда. Кыргыз тилин үйрөтүүгө көбүрөөк күч жумшоо зарыл. Негизи эле башка улуттун өкүлдөрү жашаган айылдарда күчөтүү керек", — деди Лурова.
Мындан сырткары, ал бир окуучунун күнүмдүк тамактануусуна бөлүнүп жаткан жети сом жетишсиз экенин айтып, суммасын көбөйтүү керектигин да кошумчалады.