Чоң-Алай районуна өзгөчө макам берүү демилгеленди

17 февраля 2022 Чоң-Алай районуна өзгөчө макам берүү демилгеленди

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Ош облусунун Чоң-Алай районуна өзгөч макам берүүнү демилгеледи.

Аталган район чек аралаш жайгашкандыктан өзгөчө макам берүү керектиги белгиленүүдө.

Ошондой эле ал Чоң-Алай шарты катаал, жетүүгө алыс зонага кирерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин чек аралаш аймакта жайгашканын эске алуу менен Баткен облусуна өзгөчө макам берилген.

sputnik