Күн кайра жылыйбы? Дем алышка карата аба ырайы

17 февраля 2022 Күн кайра жылыйбы? Дем алышка карата аба ырайы

Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Апта аягында көпчүлүк жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы кээ бир жерлерде 9 градуска чейин жылыйт. Бишкекте дагы күн ачык болот.

Чүй, Талас облустары

Бул эки облуста тең дем алыш күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши ыктымал. Чүйдө абанын температурасы 3...8 градус болсо, Таласта 5...7 градуска жылыйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Ош облусунда дем алыш күндөрү жаан-чачын жаабайт. Ал эми тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Жалал-Абад менен Баткенде кар жаабайт. Абанын температурасы бул аймактарда да 9 градуска чейин жылыйт.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көл менен Нарында дем алыш күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Ысык-Көлдө абанын температурасы ишемби күнү -4...+1, жекшембиде 1...6 градус болот.

Ал эми Нарында -2...-7 градуска чейин суук болору божомолдонду.

sputnik