Кыргызстандык боксчулар Болгариядагы турнирге жөнөп кетти. Тизме

17 февраля 2022 Кыргызстандык боксчулар Болгариядагы турнирге жөнөп кетти. Тизме

Бокс боюнча улуттук курама команда эл аралык "Странджа кубогу — 2022" турнирине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Мелдеш 17-28-февраль күндөрү София шаарында болот.

Курама команданын мүчөлөрү:

  • Мирлан Түркбай уулу — 48 кг;
  • Нуржигит Дүйшөбаев — 52 кг;
  • Жеңишбек Белашаров — 57 кг;
  • Акылбек Эсенбек уулу — 60 кг;
  • Жантөрө Ташиев — 63.5 кг;
  • Сыргак Абдыжапар уулу — 71 кг;
  • Өмүрбек Маманов — 75 кг;
  • Эркин Адылбек уулу — 86 кг.

Спортчуларды башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу менен калыс Бекзат Абдурашидов коштоп барат.

sputnik