Элчилик: Тюмень, Ханты-Мансийск, Калугадагы чектөөлөр кыргызстандыктар үчүн эмес

17 февраля 2022 Элчилик: Тюмень, Ханты-Мансийск, Калугадагы чектөөлөр кыргызстандыктар үчүн эмес

Кыргызстандын элчилиги Россияда иштеп жүргөн эмгек мигранттарына билдирүү таратты.

Андагы маалыматка ылайык, Россия бийлиги Тюмень, Калуга облустары жана Ханты-Мансийск автономиялуу округунда чет өлкөлүк эмгек мигранттарын соода, коомдук транспорт, коомдук тамактануу тармагында иштөөгө чектөөлөрдү киргизген.

“Жогорудагы чектөөлөр Кыргызстандын жарандарына тиешеси жок. Россиянын иш берүүчүлөрү Кыргызстандын жарандарын бул үч облуста ишке орноштуруудан себепсиз баш тартса элчиликтин kgembassy.ru@mfa.gov.kg электрондук дарегине кабарласа болот”, — деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик эске салгандай, ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 97-беренесине ылайык, мүчө-мамлекеттер ушул келишимде белгиленген чектөөлөрдү кошпогондо, башка чектөөлөр болбойт.

sputnik