“Атамдын агасынын жубайын апа дейм. Анын аты Зыйнат. Анын мүнөзү жумшак, абдан боорукер. Анын ушул кең пейилдигин, боорукердигин балдары пайдаланып жаткандай сезилет”, - дейт Перизат деген кыз. Ал тууганынын үйүндөгү абалды баяндап берди.
— Мен төрөлгөндө Зыйнат апам баладай сүйүнүптүр. Ал төрт уулдуу болуп, кызды самап жүргөн экен. Кайниси менен келини кыздуу болгонун угуп, айылдан бир койдун этин, талканын, сары майын алып, атайы келет. Апам абысынын абдан сыйлайт.
Ал киши быйыл алтымыш жашта. Бирок, сексендеги кемпирдей. Жашоо-шарты жакшы болуп туруп, жакшылык көрбөй карыган сайын жүрөгүм ооруйт.
Чоң атам өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген. Совет доорунда “парторг” болуп, кийин өз айылында айыл башкы болуп иштеди. Кыскасы, элдин адамы болчу. Үйүнө райондон, облустан коноктор көп келчү. Ошол конокторду Зыйнат апам тигинен тик күтүп алчу. Апам ошол кездеги мээнетин көп айтып берет. “Жеңемдин мээнети ак болду. Кайын-журтка оту менен кирип, күлү менен чыгып, кызмат кылды. Ошондо да, аны кайненебиз жактырчу эмес. Жеңем бир ооз сөз кайтарган эмес. Төрт уулун тарбиялап, жолдошунун көңүлүн алып, кызматын кылды”, - деп өз апам көп аяйт.
Айтайын дегеним, азыр Зыйнат апам алтымыштан ашып калса да, чоң энебизди багат. Чалы да инсульт болуп, бир колу иштебей, майып болуп калган. Зыйнат апам жаш кезиндегидей эле кызматта.
Колунда кенже келини бар. Ал мектепте иштейт. Эртең менен кетип, кечинде келет. Ошондо, кайненеси менен чалына кошуп үч небере да багат. Үч небересинин тамак-ашы, кийими бар. Дем алыш күндөрү шаардагы эки келини балдарын айылга жөнөтөт. Мына ошолордун баарына башы-көз болгон Зыйнат апам.
Муну көрүп Зыйнат апамды аяп кеттим. Алтымыш жашта болсо да эс алууну такыр билген жок. Тойлордо жаркырап кийинип, каткырып күлүп жүргөнүн да көргөн жокмун. Сүйлөгөн сөзүн унутуп калып, кайра-кайра айта бермей жайы бар. Жашына жетпей алдый баштады.
"Апа, шаарга жүрүңүз, эс алып кетесиз" деп көп чакырдым, чалдым. “Мен кетсем, булардын күнү эмне болот? Бир күнү барам да" деп кутулат. Шаарда жашаган эки баласыныкына күндүз гана келип, кечинде кайра кетип калат. Төрт уулу апасынын абалын көрүп туруп, аяп, кам көрүшкөн жок.
Туурасын айтып, тууганыңа жакпайсың дегендей, арага түшүп, кийлигишсем, агаларымдын көңүлүн калтырамбы деп кооптоном. бир туугандарымды алдап кетемби деп кооптонуп турам. Ошон үчүн сиздер менен бөлүшкүм келди. Балким, кимдир бирөө өзүн көрүп, ойлонор...»
Перизат бул окуяны агалары окуса, эсине келип, апасын сыйлаш керектигин түшүнөр деп үмүттөнөт.