Алмазбек Бейшеналиев министрликтен кетип, кайра келишинин себебин айтты

16 февраля 2022 Алмазбек Бейшеналиев министрликтен кетип, кайра келишинин себебин айтты

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш комитети Алмазбек Бейшеналиевдин билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлигин жактырды.

Аны кароо учурунда депутат Дастан Жумабеков эмне себептен министрликтен кетип, кайра келгенине кызыкты. Эл өкүлү "элчи болуш үчүн гана кызматтан кеттиңиз беле?" деп сурады.

"Буга чейин министр болуп алты ай иштегем. Президенттин чечиминин негизинде Швейцарияга элчи болуп дайындалдым. Мен бул кызматка кетүүнү суранган эмесмин, өлкө башчынын саясаты ушундай болгон. Президент кайра чакырды, ошондуктан келдим. Эч кандай жеке маселе жок", — деди Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, Алмазбек Бейшеналиев өткөн жылдын жай айларында Кыргызстандын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы өкүлү, Швейцариядагы элчиси болуп дайындалган.

sputnik