Оозу жабылып отурушат. Депутаттар ЕАЭБдеги кыргыз министрлерин сынга алды

16 февраля 2022 Оозу жабылып отурушат. Депутаттар ЕАЭБдеги кыргыз министрлерин сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаттары Россияда жаңы мыйзамдын күчүнө кириши кыргызстандык мигранттарды бир топ түйшүккө салганын айтып чыгышты. Бул багытта өлкөнүн кызыкчылыгын коргобогону үчүн ЕАЭБде отурган кыргыз министрлерин сынга алышты.

Белгилей кетсек, узаган жылдын 29-декабрында Россияга келген мигранттарга медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин каттоодон өтүү жана сүрөткө тартуу талабы коюлган.

Эл өкүлү Дастан Бекешев медициналык кароонун акысы 6000 миң сом болорун, текшерилүү үчүн миңдеген адам кезек күтүп отурганын билдирди.

"Квартал сайын медициналык кароодон өтүш керек экен. Урматтуу төрага, жакында Россияга иш сапарга бара жатасыз, ушул маселени көтөрсөңүз жакшы болот эле. Мамлекет башчы дагы Россиянын президентине кайрылып ачык эле айтыш керек. Мигранттар таптакыр эле кетиш керекпи же кандай болот? Болбосо кош жарандуулук боюнча макулдашуу түзөлү. Азыр мекендештер кичине эле мыйзамды бузса да кара тизмеге кирип калат экен", — деди Бекешев.

Ал эми Бакыт Төрөбаев Кыргызстан ЕАЭБге киргенде товар жүгүртүү, жумушчулардын кыймылы, капитал жана кызмат көрсөтүү жаатында төрт эркиндик алганын эске салды.

sputnik