Таттуудан оолак болуу үчүн эмне жеш керек? Диетологдун кеңеши

16 февраля 2022 Таттуудан оолак болуу үчүн эмне жеш керек? Диетологдун кеңеши

Таттууга тартылбаш үчүн кайсы тамактарды жеш керек экенин Eat This, Not That! агенттигине диетологдор айтып берди.

Адистер адам жетиштүү тамактанбаганда жана жарым фабрикаттарды көп колдонгондо таттууга азгырыларын белгилеген.

Диетолог Эми Гудсон кантты азайтуу үчүн эртең менен тоё тамактануу керектигин айткан.

Күндүз шам-шумга клетчаткага жана белокко бай азыктарды колдонуу сунушталган. Алар сыр менен жемиш, йогурт менен мөмө, сүрсүгөн уй эти, батончик, жаңгак майы сүйкөлгөн нан болушу мүмкүн. Тамактануунун ортолорунда шам-шум этүү кандагы канттын деңгээлин жогорулатпаганга жардам берет.

Эгер тоё тамактанганда дагы таттууга тартыла берсеңиз кара өрүк жеш керек. Серотониндин деңгээлин кант көтөрөт, ошондуктан гормонду кармап туруу үчүн таттууну алуунун башка жолдорун караштыруу зарыл. Ошондой эле дене тарбия көнүгүүлөрү, күнгө чыгуу жана таза абада сейилдөө дагы жардам берет.

Диетолог Лорен Манакер уйкуга көңүл бурууга чакырды, чарчагандык дагы таттууга азгырат. Кээде магний жетпей жатканда организм кантты талап кылат. Андыктан күнүмдүк тамак-ашка курамында магний бар авокадо, жаңгак жеп, кээде тамак-аш кошулмаларын да пайдаланууга болот.

sputnik