Түркмөнстан БШКсы Сардар Бердымухамедовду президенттикке талапкер катары каттады

16 февраля 2022 Түркмөнстан БШКсы Сардар Бердымухамедовду президенттикке талапкер катары каттады

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу, вице-премьер Сердар Бердымухамедовдун президенттикке талапкерлигин каттоого алды. Бул тууралуу "Интерфакс" жергиликтүү ЖМКларга таянып жазды.

Маалыматка караганда, ага шейшемби күнү талапкердин күбөлүгү тапшырылган.

Белгилей кетсек, февраль айынын башында Түркмөнстан парламентинин жогорку палатасы Калк Маслахатынын жыйынында президент Гурбангулы Бердымухамедов мамлекетти башкарууда жаш жетекчилерге жол бошотуу керектигин билдирген болчу.
Мындан улам мөөнөтүнөн эрте шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынып, ал 12-мартка белгиленген.

Ал эми дүйшөмбүдө Түркмөнстандын демократиялык партиясы кезексиз съезд өткөрүп, президенттикке Сердар Бердымухамедовдун талапкерлигин көрсөткөн.

40 жаштагы Сердар Бердымухамедов 2003-2008-жылдары Тамак-аш өндүрүшү ассоциациясынын башкы адиси болуп эмгектенген. Андан соң айыл чарба министринин орун басары, парламент депутаты болгон. 2018-жылдын башында тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалган. Учурда вице-премьер кызматын аркалап келет. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, төрт баланын атасы.

sputnik