Милиция Кыргызстан боюнча ири рейддерди өткөрөт

16 февраля 2022 Милиция Кыргызстан боюнча ири рейддерди өткөрөт

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы өлкөнүн бардык аймактарында “Ууру” аталышындагы ири рейддик иш-чараларды өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Буга тартылган ички иштер органдарынын күчтөрү жана каражаты толук эсептелип чыккан.

Рейддин максаты — кылмыштарды алдын алуу, криминогендик абалды жакшыртуу, уурулук жасаган кылмыштуу топторду аныктоо жана бөгөт коюу. Андан сырткары, уурдалган мүлктөрдү сатуу менен алектенгендерди табуу иштери жүргүзүлөт.

Ошондой эле кылмыштуу кол салуудан коргоонун ыкмалары жана жолдору тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилген.

Рейд бир нече күнгө созулат.

sputnik