Шаршембиге карата аба ырайы

16 февраля 2022 Шаршембиге карата аба ырайы

16-февралга караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал.

Шаршембиде Талас менен Баткенден тышкаркы аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -3...+2, Ысык-Көл, Чүй, Талас аймактарында -2...-7, Нарын жергесинде -5...-10 градус суук болору айтылды.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жааса, Ош шаарында жаан-чачын болбойт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада -2...-4 болсо, Ошто 0...+2 градуска жетет.

sputnik