Жапаров: "Асман" шаарын беш жылда куруп бүтүшүбүз керек

15 февраля 2022 Жапаров: "Асман" шаарын беш жылда куруп бүтүшүбүз керек

"Асман" шаары — бул кыял. Кыргызстандын бийлиги беш жылдын ичинде бүткөрүшү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

"Экологиялык таза шаарды нөлдөн баштап куруу — бул кыял. Президенттин кыялы ишке ашат деп үмүт артам", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле министрлер кабинети башкы план, болочок шаарды суу жана электр энергия менен камсыз кылуу маселелеринин үстүндө иштеп жатканын кошумчалады.

"Бизге инвесторлор тарабынан абдан көп кызыктуу сунуштар түшүп жатат. Америкада иштеп келген жигиттерибиздин бири Караколго IT-шаарча курууну каалап жатат. Биз ага колдон келген жардамыбызды беребиз. Эгер аныкы ишке ашса, "Асманды" куруу кантип эле мүмкүн болбосун? Астана куруларына дагы эч ким ишенген эмес. Ташкент-Ситини караңыздар, өзүнчө эле шаар ичиндеги шаар. Алардын колунан келди, биздин дагы кыялыбыз бар. Жакынкы беш жылда "Асман" жөнүндөгү кыял кайсы бир деңгээлде ишке ашат", — деди Жапаров.

sputnik