Кыргызстан менен Тажикстан чек арага байланыштуу маселени үчүнчү тараптын кийлигишүүсү жок эле чечип алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бул боюнча президент Садыр Жапаров Кытайга барганда сөз болгон.
"Тажикстан менен Кыргызстандын өлкө башчылары эки тараптын Тышкы иштер министрликтерине сүйлөшүүлөрдү баштоо тапшырмасын берген. Бир аптадан бери эки өлкөнүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Негизи президенттер үчүнчү тараптардын кийлигишүүсү жок эле чечип аларын айтышты", — деди Жапаров.
Эске салсак, өкмөттүк делегациялардын 2021-жылдын 1-майынан тарта алып барган ишинин жыйынтыгында чек ара линиясынын 81 чакырымы такталган.
Бирок кийин делимитация жана демаркациялоо маселеси эки айдан ашык убакытка токтоп калган. Январдагы жаңжалдан кийин тараптар ал ишти жандантууну чечишти. Буга чейин Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода өкмөттөр аралык комиссия ишин 7-февралдан тарта баштай турганын билдирген.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө жарымынан көбү такталган.