Акылбек Жапаров отставкага кетер-кетпеси боюнча комментарий берди

15 февраля 2022 Акылбек Жапаров отставкага кетер-кетпеси боюнча комментарий берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын учурунда анын отставкага кетери боюнча тарап жаткан кептерге комментарий берди.

Жапаровго "бул кызматта дагы канча убакыт иштейм деп ойлойсуз?" деген суроо узатылды.

"Эртең менен намаз окуган адам катары айтайын, келечекте эмне болору белгисиз, баары кудайдын колунда. Ал эми өткөн нерсе өттү. Мага чейин канча адам отставкага кетти... Мен кетип калганга дагы, иштей бергенге дагы даярмын. Бааны эл менен президент берет. Мен жумушка эртең мененки саат 7:00дө келип, 22:00гө чейин иштейм. Экономикада сыйкырдуу таякча жок, стабилдештирүү үчүн кеминде үч жыл керек. Мен жетекчилерге коррупцияны жок кылсак баары ордуна келет деп айтып келем. Мунун үстүндө иштеп жатам", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле быйыл бюджетке 400 миллиард сом, келерки жылы 500 миллиард сом топтоо пландалып жатканын кошумчалады.

sputnik