ЖМК: талибдер Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен жерине 10 миң аскер жөнөттү

15 февраля 2022 ЖМК: талибдер Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен жерине 10 миң аскер жөнөттү

Афганистанды көзөмөлдөп турган "Талибан"* кыймылы Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен аймагына куралданган 10 миң тарапташын жөнөтүүдө. Бул тууралуу талибдердин куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси Кари Фасихуддин Фитрат Twitter баракчасы аркылуу билдиргенин Sputnik Тажикстан жазды.

"НАТО жана АКШнын заманбап техникасы менен жабдылган он миң жоокер өлкөнүн түндүк жана түндүк-чыгыш провинцияларына жөнөтүлдү. Алар куралдуу аракеттердин бардык түрүнө чара көрөт", — деп жазган Фитрат.

Башкы штабдын жетекчисинин айтымында, бул топко аскердик авиация колдоо көрсөтөт.

Кайсы провинциялар жөнүндө кеп болуп жатканы так көрсөтүлгөн эмес. Афганистандын түндүк тарабындагы Балх провинциясы Өзбекстан, чыгышындагы Кундуз, Тахар жана Бадахшан Тажикстан менен чектешет.

Буга чейин ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров Афганистандын түндүк чек ара тилкелеринде 40 машыгуу лагери бар экенин, ал жерде террордук топтордун беш миңден ашуун согушкери жайгашканын айткан.

* Террордук аракеттери үчүн БУУнун санкциясы киргизилген уюм

sputnik