Акылбек Жапаров Кумтөр маселеси качан аягына чыгарын айтты

15 февраля 2022 Акылбек Жапаров Кумтөр маселеси качан аягына чыгарын айтты

Centerra Gold Inc. компаниясы менен Кумтөр маселеси 15-мартка чейин чечилип бүтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүнкү маалымат жыйын учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр соңуна чыгып калды. 15-мартка чейин тынч ажырашууну макулдаштык. Жакында президент толук маалымат берет", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал учурда ишкана бюджетке пландан ашырып киреше берип жатканын кошумчалады.

"Биз компанияга сырттан башкаруучу катары киргенде банктык эсебинде 48 миң доллар гана болгон. Ушунчалык ири компанияда мындай жагдай түзүлгөнү кызык. Ал эми жылды 326-329 миллион долларга чейин киреше менен жаптык. Чыгымдарды алгандан кийин бюджетке 220 миллион доллар таза киреше берди", — деди ал.

Мындан тышкары, Жапаров учурда алтын ишканасы дүң кирешеге болгон 18 пайыздык салыкты толугу менен төлөп отуруп, пландалгандан 4,5 миллион долларга ашык төккөнүн билдирди.

sputnik