Кадамжайда жол кырсыгынан бир аял көз жумуп, төрт адам жабыркады

15 февраля 2022 Кадамжайда жол кырсыгынан бир аял көз жумуп, төрт адам жабыркады

Баткен облусунун Кадамжай районунда жол кырсыгынан бир аял көз жумуп, төрт киши жаракат алганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Каргаша кечээ, 14-февралда, саат 22:34төр чамасында Ноогардан айылы аркылуу өткөн Ош ― Баткен ― Исфана жолунда болгон. Анда Audi жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

Жерине төрт куткаруучу тартылып, окуя болгон жерде каза болгон 67 жаштагы аялдын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандарды Тез жардам кызматы алып кеткени айтылды.

sputnik