Шейшембиге карата аба ырайы

15 февраля 2022 Шейшембиге карата аба ырайы

15-февралга караган түнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт.

15-февралда күндүз айрым жерлерде мезгил-мезгили менен кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө -2...-7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -3...+2 градуска чейин жылыса, Ысык-Көлдө 0...-5, ал эми Нарын жергесинде -1...-6 градус суук болушу күтүлөт.

Борбор калаада мезгил-мезгили менен кар жаап, -2...-4 градус суук болсо, Ош шаарында -1...+1 градуска чейин жылуу болот.

sputnik