Камила Валиева Олимпиадага катыша берет. Соттун чечими

14 февраля 2022 Камила Валиева Олимпиадага катыша берет. Соттун чечими

Спорттук арбитраж соту (СAS) россиялык 15 жаштагы фигурист Камила Валиеваны мындан ары Олимпиада-2022 оюндарына катыштыра берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

СAS Эл аралык олимпиада комитетинин (МОК) апелляциясын, Коньки жарышы боюнча эл аралык союздун (ISU) жана Допингге каршы дүйнөлүк эл аралык агенттиктин (WADA) спортчу кыз боюнча апелляциясын канааттандырган жок.

"Спорттук арбитраж сотунун атайын комиссиясы арбитраждык процессте россиялык Камила Валиева боюнча чечимин чыгарды. МОК, WADA жана ISU берген арыздар четке кагылды", — деп айтылат маалыматта.

CAS берген релизде Валиеваны Олимпиада-2022нин жеке турнирине чейин катыштыруу чечими "корголгон персона" (спортчу 16 жашка чыга элек) макамы, башкача мамиле жасоону эске алуу менен кабыл алынганы айтылат.

Өткөн аптада допинг-тест алып текшерген эл аралык агенттик Валиевадан 25-декабрда кызытма боюнча алынган тесттен триметазидин заты чыккандыгын билдирген. Тесттин жыйынтыгын Стокгольмдогу антидопинг лабораториясы 8-февралда берген.

Допингге каршы россиялык агенттик Валиевага утурумдук чектөө салган, ал апелляциядан соң 9-февралда алып салынды. Спортчуга Пекиндеги Олимпиада оюндарына катышууга уруксат берилди. Эл аралык олимпиада комитетинин (МОК) апелляциясын, Коньки жарышы боюнча эл аралык союздун (ISU) жана Допингге каршы дүйнөлүк эл аралык агенттик (WADA) буга макул болгон эмес. Сот ишти жекшемби күнү кечинде караган.

Валиева буга чейин Россиянын курама командасына кирип, ийгилик жаратып олимпиада чемпиону болгон, бирок сыйлоо аземи али күнчө өтө элек. Буга чейин Валиева муз үстүндө чеберчилигин кыска программа менен 15-февралда, ал эми эркин программасын 17-февралда көрсөтөрү маалымдалган.

sputnik