Бишкекте канча адам жумушсуз жүрөт? Статистика

14 февраля 2022 Бишкекте канча адам жумушсуз жүрөт? Статистика

2022-жылдын алгачкы айларына карата Бишкекте жумушсуз жүргөн 6 004 адам катталды. Бул тууралуу Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан билдиришти.

Бул расмий сан. Башкача айтканда, мында кеп Бишкектин иш менен камсыз кылуу боюнча кызматына каттоого турган адамдар тууралуу болуп жатат.

Маалыматка караганда, жумушсуз жүргөндөрдүн 62 пайызы аялдар болсо, 38 пайызы эркектер.

Жаш курактар боюнча:

  • 16-28 жашка чейин — 23 пайыз;
  • 29-44 жашка чейин — 48 пайыз;
  • 45-54 жашка чейин — 21 пайыз;
  • 55 жаштан өйдө — 8 пайыз.

Буга чейин борбор калаада жумушсуз жүргөндөр үчүн кесипке үйрөтүүчү акысыз курстар бар экендиги айтылып, алардын телефон номерлери жарыяланган.

sputnik