COVID-19га кабылгандар эмнеге көпкө айыкпай жатат? Адистин түшүндүрмөсү

14 февраля 2022 COVID-19га кабылгандар эмнеге көпкө айыкпай жатат? Адистин түшүндүрмөсү

"Омикрон" штаммы көпчүлүк учурда жеңил өткөнү менен бир топ кесепеттерин калтырып кетүүдө. Бул тууралуу ДНКОМ молекулярдык-генетикалык илим изилдөө борборунун директору, педиатр Андрей Исаевге шилтеме берип "Известия" жазды.

Кесепеттер:

"Лонг-ковид" — соңку учурда адистер арасында ушундай түшүнүк пайда болду. Бул узакка созулган коронавирус. Адам оңой менен жакшы боло албай жүрө берет;

"Нейро-ковид" — нерв системасын жабыркатат;

Балдардын улам бир жери оорушу. Учурда коронавируска кабылган балдарда системалык сезгенүүлөр байкалууда. Башкача айтканда COVID-19 улам бир органды оорутуп жатат.

Мындан улам Исаев коронавируска каршы вакцина алуу керектигин эске салып, азыр төртүнчү толкун басаңдап калгандыктан эмделүүгө эң ыңгайлуу учур экенин кошумчалады.

sputnik