Ооганстанга “демократиянын” жылдыздуу түз сызыктары бар туу көтөргүчтөрү барган күндөн тартын дээрлик жыйырма жыл болду. Ушул убакытта дүйнөдө көп нерсе өзгөрдү, бирок Вашингтон баардык объективдүү далилдерге карабай, “тынчтыкты орнотуу миссиясынан” баш тартууну ойлоп да койгон жок. Ал эчак эле оккупациялык миссияга айланып кеткен.
Ооганстан үчүн кандуу “демократия”
“Обама Ак үйдөн кеткенге чейин бүтүрөт деп соз берген согуш азыр бүтпөй тургандай сезилет”, - деп жазып чыкты кадыр-барктуу америкалык The Washington Post басылмасы. Чынында эле, 2014-жылы Батыш “Бекем эркиндик” операциясын баштаган, бирок ошол эле учурда жаңы “Чечкиндүү колдоо” операциясы башталган. Жаңы орнотмолорго ылайык НАТОнун куралдуу күчтөрү аскердик аракеттерге мындан ары катышпашы керек эле, бирок иш жүзүндө, албетте, такыр башкача болуп чыкты.
Ооган согушу.
Сандар кайгыга салат
Жакында эле Браун университети (АКШ) он жети жылдык “терроризм менен күрөштүн” айрым жыйынтыктарын чыгарды, ал жалпы жолунан 140 миң адамдын өмүрүн алган, анын ичинде карапайым калк да бар.
НАТОнун аскерлери да жоготууга учураган, анын ичинде Кошмо Штаттардын да аскерлери бар. Жаңжал жылдары демократиянын унаасы 6 миңден ашуун америкалык аскерлерди “талкалады”, ошондой эле Түндүк атлантикалык альянска мүчө мамлекеттердин 1,1 миң аскерин “талкалады”.
Изилдөөнүн авторлор алар атаган сандар так маалыматтар жоктугуна байланыштуу мүмкүн болушу керек деген божомолун ачык айтышты. Эгер расмий эмес булактардын маалыматы менен колдонсок жана согуштук аракеттер менен өлүмү кыйыр түрдө байланышкан курман болгон оогандардын санын кошсок, анда курман болгондордун саны 1 миллион кишиден ашып кетет. Мындан тышкары 2,6 миллиондон ашык оогандар өз мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгон.
“Ийгиликсиз” жеңиш
Бүгүнкү күндө Ооганстандагы НАТОнун аскерлеринин болушу бардык фронттор боюнча ийгиликсиздей сезилет. Он жети жыл маанисиз каршы туруу, миңдеген көз жумган жоокерлер жана жакында жеңишке жетебиз деген жүздөгөн билдирүүлөр – республикада орун алган демократиянын машинасы мына ушуларга жетишти.
Ооганстандын Куралдуу күчтөрүнүн генералы отставкадагы Вахид Тагат жакында эле: “Ооган армиясында техника начар, курал-жарак начар жана профессионалдык даярдык жок. Ички координация жок жана ооган армиясы менен НАТОнун күчтөрүнүн ортосунда өз ара байланыш жок. Так ушундай эле ооган өкмөтү менен Пентагондун ортосунда өз ара байланыш жок”.
Анда мыйзам ченемдүү маселе пайда болот – “кызматы” үчүн миллиард доолар коротулган чуулгандуу америкалык аскердик инструкторлор 17 жыл бою эмне менен алек болушкан?
Жеңилген маанай эчак эле Батышта пайда боло баштаган. Чехиянын эл аралык иштер боюнча парламенттик комитетинин башчысы жана өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Любомир Заоралек буга чейин ооган жаңжалына кийлигишүү жөнүндө НАТОнун чечими Ирактагы согуш менен катар эле Батыштын эң начар каталарынын бири болуп калды, эми созулуп кеткен операцияны аягына чыгаруу жана аскердик контингентти чыгарып кетүү жөнүндө ойлонуп көрүү керек деп билдирген.
“Кырдаал жакшырган жок, биз ал жакта өзүбүз каалагандай ооган күчтөрүн түзө албайбыз. Азыр биз буга эбегейсиз чоң ресурстарды коротуп жатабыз. Ооганстандагы операция ката иш болгон”, - деп айтты чех саясатчысы.
Ошол эле учурда америкалык The Weekly Standard басылмасы жакында эле абдан ачык аталыштагы: “Ооган согушу бүттү. Биз жеңилүү ызасын тарттык” деген макала жарыялады. Арийне, макалада АКШнын президенти Дорнальд Трамп аскерлерди чыгарып кетүүгө ниеттенип, бирок иш жүзүндө ал аткарылбай жатканы жана анын себеби американын сырткы саясатында экендиги жөнүндө айтылат.
НАТО өлкөлөрүндө кандай гана маанай болбосун, бул жерде музыканы Вашингтон гана коё алат, ал жактагылар “улуу максат” үчүн курмандыктар менен эсептешүүгө көнгөн эмес. Практика көрсөткөндөй, Трамп дагы сырткы саясий агымдарга өтө сейрек таасир этиши мүмкүн.
АКШ үчүн Ооганстан эмне? Бул плацдарм, болгондо да абдан пайдалуу. Бир республиканы башкалардан бөлөкчө контролдо кармап туруп, Вашингтон бардык Борбор Азия регионун Ооганстандын коңшулары Пакистанды, Түркмөнстанды, Иранды, Тажикстанды жана Өзбекстанды туруксуз абалга алып келди. Муну менен, келечекте Ооганстан энергетикалык рынокто стратегиялык мамлекет боло алмак, бирок башкы дүйнөлүк демократтарда ал үчүн башка пландары бар.
“Бир борбордук орган менен жетектелген тынч Ооганстан АКШнын өлкөдөгү максаттарына жооп бербеши анык. АКШ Ооганстандагы тынчтык үчүн өзүн маанилүү улут катары эсептегенди жакшы көрөт, чынында ал тынчтыкты орнотуу үчүн негизи тоскоолдук болуп саналат. Американын сырткы саясатын улантуу үчүн Ооганстан башаламандыкта калышы керек”, деп жазат белгилүү Zero Hedge интернет-порталы.
Ушул айтылбаган себептен улам шыктануу менен АКШнын коргоо министри Джеймс Мэттис республикада аскердик контингентти дагы бир нече миң америкалык аскерлерге кеңейтүүнү чечкен. Мунун баарын “операцияны жыйынтыктоо” деп айтуу кыйын, ал эми, ошол эле убакта өлкөдө дагы бир коркунуч пайда болду.
Жакынкы Чыгыш 2.0
“Ислам мамлекети” террористтик уюму Сириядагы Башар Асаддын бийлигин кулатуу үчүн даярдалган долбоор эле. Бирок, план ишке ашпай калды. Ушундан кийин гана ИМ өзүнүн ишин Ирактын аймагында активдештирип, ал эми уюмдун өзү локалдык долбоордон глобалдуу долбоорго айланып кайра түзүлүп, бүткүл ислам дүйнөсүн камтууга багытталат.
Ислам мамлекети Ооганстанга жайгашууга жетишти, анын ячейкалары аз эмес, ал жакка башка топтордун көптөгөн радикалдары жана согушкерлери кирген. Буга ооган ченеми боюнча угулбаган марттыгы таасир этип жатат. мындан батыштын демөөрчүлөрүнө таянган “кара тумоо” Борбордук Азияны жаңы Жакынкы Чыгышка айландыруу менен бардык коңшу өлкөлөргө жайылып кетиши мүмкүн.
“ИМ чынында эле Борбордук Азиянын жана Кавказдын мурунку советтик мамлекеттери үчүн чоң коркунуч жаратат. Анткени, анын катарында тиешелүү өлкөлөрдөн чыккан көп сандагы жарандар согушуп жүрөт. Алар үйлөрүнө кайтып келип, өздөрүнүн экстремисттик көз карашын жайылтып, террористтерди азгыра башташы мүмкүн, же андан да коркунучтуусу ИМ аларды өз үйлөрүндө террористтик актыларды жасоо үчүн колдонушу мүмкүн”, - деген пикирин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер университетинин аналитикалык борборунун башчысы Андрей Казанцев билдирди.
Тактап айтканда, түрктөрдүн Türkiye басылмасы мындай деп жазат: “Ирак менен Сириядан сүрүлүп жаткан ИМ террористтик уюму Ооганстанды өзүнүн жаңы плацдармы катары тандап алса керек. Ким менен ким согушуп жатканы белгисиз Ооганстан – мындай террористтик уюм үчүн керек нерсе”.
Мындай абал америкалык “тынчтыкты орнотуучулар” үчүн оңдой берди болот. Анткени, аларга региондо орун-очок алууга мүмкүндүк берет. Аскердик контингентин рекорддук деңгээлге чейин кеңейтиши мүмкүн. Бул, албетте, тынчтыкты алып келбейт, анткен менен Вашингтонго анын кереги да жок.
“Чөгүп бараткандарды” куткаруу менен ким алек болот?
Согуш жылдары чынында көп нерсеге үйрөтөт, Ооганстанда көптөн бери америкалык аскерлер менен коңшу болуу келечегине ичи чыкпай жүргөндөр көп. Мисалы, Ооганстандын Ислам партиясынын өкүлү Атаала Вахидяр октябрдын аягында анын өлкөсү президенттин постундагы америка отургузуп койгон адам менен дагы беш жылды башынан кечире албашы мүмкүндүгүн билдирген. Ошондуктан, Кабул орусия тарап менен шайлоо алдынча бирге аракеттенүүнү күчөтүшү керек.
“Бүгүнкү күндө Орусияда Ооганстан менен болгон мамилени күчөтүүгө зор мүмкүнчүлүк бар, ага бүткүл ооган күчтөрү кубанышат, анткени мындай жол менен америкалыктарга каршы салмак түзүлөт”, - деп аяктады Вахидяр. Ал азыркы учурдун маанилүүлүгү республикада президенттик шайлоо алдында “өткөөл мезгил” башталгандыгында деп кошумчалады.
Өткөн жылдын жазында Орусия менен Кытай Кабулда тынчтыкты жөнгө салуу процессин баштаганын белгилей кетүү керек. Ал борбордук бийлик менен “Талибан” кыймылы ортосундагы сүйлөшүүлөргө өз таасирин тийгизиши керек эле. Акыркы жыйынтыгында бул элдешүүгө жетүүгө мүмкүнчүлүк берип, зордук-зомбулукка жана талкалоолорго чекит коёт. Бирок, мына ушул жолдо Вашингтон турат. Ал экономикалык өнүгүү жана көз карандылыкты калыбына келтирүү жолу Ооганстанда “демократиядан” алып кетерин, демек, АКШ басым жасоо рычагынан куру жалак каларын абдан жакшы түшүнөт.