Индонезиянын Сулавеси аралында крокодилдин мойнунда алты жылдан бери тагылып жүргөн дөңгөлөк алынды. Аны тургундар 2016-жылы эле байкап, андан бери жырткычты кармай албай жүрүшкөн.
2022-жылдын февраль айында 34 жаштагы Тили аттуу жергиликтүү тургун мойнуна дөңгөлөк илинген крокодилди кармап алган.
"National Geographic Россия" сайты жазгандай, мындан бир нече жыл мурда өкмөт дагы аталган жырткычты кармаган адамга сыйлык берерин убадалаган. Бирок Тили сыйлыктан мурда крокодилге жардам берүүнү каалаганын айткан.
"Боорум ооруп кетти. Кыйналган жаныбарларды жөн карап тура албайм", — деген ал.
Тили жырткычты кармоого жардамдашууга айылдаштарын чакырган. Бирок алар ошол мезгилде узундугу 5,2 метрге жетип калган крокодилге даай албай коюшкан. Акыры Тили бул ишти өзү жалгыз жасаган. Бир нече күн жырткычка тамак берип алдап, андан соң гана колго түшүргөн. Аны суудан чыгарууга ыктыярчылар жардам берип, кийин көпчүлүк менен мойнундагы дөңгөлүктү кесип, крокодилди кайра сууга коё беришкен.