Күйөөңүздү канчалык сүйөрүңүздү текшерип көрүңүз (аялдарга арналган тест)

14 февраля 2022 Күйөөңүздү канчалык сүйөрүңүздү текшерип көрүңүз (аялдарга арналган тест)

Убакыт өткөн сайын жубайлар ортосундагы мамиле сыйга алмашат деген сөз бар. Албетте, бул бири-бирин 100% түшүнө алган адамдардын ортосундагы мамиле. Ал эми 30-40 жыл бир түндүктүн астында жашаса да түшүнүшпөгөндөр бар. Чынында, кээ бирөөлөр өзүн бөтөн сезиши мүмкүн. Мындай учурда аялзат жубайы менен болгон мамилеси үзүлө турган жиптейби же чечилбей турган жиппи, билип алышы керек. Төмөнкү тест суроолору күйөөңүз менен болгон мамилеңизди аныктоого жардам берет.

1. Жолдошуңуз башкаларга караганда жылдыздуу экенин билесизби?

а) ооба, ал мен үчүн эң сулуу мырза

б) албетте жылдыздуу адам, бирок мага ал маанилүү эмес

в) кээде жылдыздуу болуп кетет, кээде өтө жагымсыз

г) сулуу деп айта албайм, андан да сулуу эркектер толтура

2. Үй-бүлөдө лидер ким?

а) күйөөңүз

б) экөөңүз тең бирдейсиздер

в) кээде ал, кээде мен

г) өзүңүз

3. Анын жанында өзүңүздү ыңгайлуу сезесизби?

а) дайыма

б) кээде

в) сейрек

г) ооба

4. Күйөөңүз сизге орой мамиле жасайбы?

а) ооба, кээде орой, бирок өзү андай деп ойлобойт

б) жок, эч качан орой болгон эмес

c) кээде

г) өтө сейрек

5. Күйөөңүздү канчалык жакшы билесиз?

а) абдан жакшы билем

б) ал жөнүндө бир аз эле билем

в) билбейм

г) ал жөнүндө баарын билем

6. Жолдошуңуз башкаларга караганда ийгиликтүү адамбы?

а) ооба, аны ийгиликтүү деп айта алам

б) андан да ийгиликтүү эркектер бар

в) ал өзү жөнүндө ойлонгунумду жактырат

г) ийгиликке өзү бут тосуп жүрөт

7. Сиздин ар бир кыймылыңызды сындайбы?

а) жок, жөн гана кеңеш берет, мен угам

б) бири-бирибизди сынабайбыз

в) ооба, дайыма сындайт

г) кээде

8. Чогуу көп убакыт өткөрөсүздөрбү?

а) мен бирге болгум келет, бирок убактысы аз

б) дайыма биргебиз

в) көбүнчө чогуу болобуз

г) ар кимдин өз кызыкчылыгы бар

9. Жолдошуңуз башкаларга караганда эркектик сапат бар деп айта аласызбы?

а) ооба, мындай сапаты бар

б) жок, андай ойлобойм

в) болгон мүнөзү мага жагат

г) антип айта албайм

10. Башкалардын кеңешине ким муктаж?

а) мен

б) күйөөм

в) экөөбүз тең

г) бири-бирибизден кеңеш сурабайбыз

11. Досторунун арасында өзүн кандай алып жүрөт?

а) өзүнө көңүл бурдурат

б) өзүн сабырдуу алып жүрөт

в) досторунун арасында өтө сыйлуу

г) аны баары жакшы көрөт

12. Сүйлөшкөндө кимдин сөзү өтүмдүү болот?

а) бир пикирге келе алабыз

б) түшүнүш үчүн көп убакыт керек

в) өзүбүздүкүн бербейбиз

г) менин сөзүм чечүүчү сөз болот

13. Ажырашуу жөнүндө ойлондуңуз беле?

а) жок, эч качан

б) жок, бирок...

в) ооба

г) балким

14. Сизге жаккан эркектер барбы?

а) жок, күйөөм андайга жол бербейт

б) мен күйөөмө берилгенмин

в) кээде

г) дайыма

15. Мурунку мамилеңиз тууралуу күйөөңүз эмне дейт?

а) терс таасирлери көп

б) таарынычы бар

в) мурунку мамилемди айта берем, терикпейт

г) жөн гана жылмайып коёт

16. Мамилеңиздер жөнүндө кандай ойдосуз?

а) абдан бактылуумун

б) аны чын дилимден сүйөм

в) мамилебиз күнүмдүк жашообуздан көз каранды

г) мага жылуу мамиле жасаганы жагат

17. Үйгө кеч келген түнү аны кантип тосуп аласыз?

а) анын келишин күтөм

 б) анын кайда экенин билүүгө аракет кылам

в) өзү кааласа гана айтат

г) урушкум келет

18. Ал сиз жөнүндө кандай ойдо?

а) колумдан эч нерсе келбейт дейт

б) билгичсиң дейт

в) шар мүнөзүң бар дейт

г) мени ашыкча мактайт

19. Мурунку жигитиңңзди ойлойсуңбу?

а) аны мурункудай эле ойлойм

б) жакшы доспуз

в) жолукпайбыз

г) жолуккан сайын толкунданып кетем

20. Төмөндө айтылгандардын кайсынысы сизге жакын?

а) мен үчүн баарын жасайт

б) менсиз эч ким эмес

в) менден бир кемчилик байкаса, дароо айтат

г) менин чечимиме дайыма макул болот.

Эми жоопторду караңыз!

Эгер сиз “а” деген жоопко көбүрөөк көңүл бурсаңыз... Жубайыңызды өөп эле тим болбостон, ал үчүн жаныңызды да берүүгө даярсыз. Бири-бириңизди түшүнүп, боорукердик жана ишеним көрсөтөсүздөр. Күйөөңүздүн ийгиликке жетишин каалайсыз. Сиз ал үчүн колуңуздан келгендин баарын кылууга аракет кыласыз. Ал бийикке көтөрүлүп жатса, анын көлөкөсүндө калуудан коркпойсуз. Баардык жагынан абдан жакшы аял экенсиз. Андыктан ойлонуп, өзүңүзгө баа берүүнү унутпаңыз!

Эгер сиз "б" жообун көбүрөөк тандасаңыз... Жолдошуңуз өзүнө ишенген адам. Сиздер бири-бириңизерге абдан окшошсуздар. Күйөөңүз ар дайым лидер болууга аракет кылат, анткени ал өзүнүн идеясы бар адам. Бирок, сез ага жол бербейсиз. Ал да сизди түшүнүшү керек. Түшүнбөсөңүз, түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. Ошондой эле, назик жана жумшак болуңуз.

Эгер "в" жообун көбүрөөк тандасаңыз... Өмүр бою өмүрлүк жарыңыз менен бирге болгуңуз келет. Сиз ага кам көрөм деп, өзүңүздү унутуп калгансыз. Сүйгөн ишиңиз менен алектенбегениңизге канча болду? Мындай аялдарды эркектер дайыма баалай бербейт. Бир аздан кийин күйөөңүз сизди апасындай көрүп калышы мүмкүн. Андыктан, бүгүндөн баштап өзүңүздү колго алыңыз.

Эгер "ж" жообун көбүрөөк тандасаңыз... Сиз үй-бүлөдө лидерсиз. Жолдошуңуз буга көнүп калган. Сизден сын укканда өзүн ыңгайсыз сезип, коёрго жер таппай калышат. Муну сез да билесиз. Бирок, үй-бүлөдө чечим кабыл алуучу ролуңуз сизге ылайык келет. Кээ бир учурларда, аялдын лидерлиги үй-бүлөсүн бекем сактоого жардам берет.