Окумуштуулар өмүрдү 10 жылга узартуунун жолун айтып беришти

14 февраля 2022 Окумуштуулар өмүрдү 10 жылга узартуунун жолун айтып беришти

Адистер изилдөөдө тамактануудагы өзгөрүүлөрдүн ден соолукка жана жашоонун узактыгына тийгизген таасирин карап чыгышкан.

Туура тамактанууга өтүү жашоону 10 жылга узарта алат. Бул тууралуу Берген университетинин (Норвегия) окумуштуулары билдиргенин PLOS Medicine журналы жазды.

Алар жаш курагы өтө жогорулай элек миңдеген эркектер жана аялдар катышкан ири изилдөөнүн жыйынтыгын анализдешкен. Окумуштуулар тамактануудагы өзгөрүүлөрдүн ден соолукка жана жашоонун узактыгына тийгизген таасирин тыкыр карап чыгышкан.

Натыйжада окумуштуулар майлуу жана туздуу тамактардан, малдын этинен, кайра иштетилген тамактардан жана таттуудан баш тартуу керектигин айткан. Алардын ордуна буурчак өсүмдүктөрүн, жашылча, мөмө-жемишти, дан азыктарын, жаңгакты пайдалануу өмүрдү орточо эсеп менен алганда 10 жылга узарта аларын билдиришкен.

Окумуштуулар негизи эле витаминдер жана организимге керектүү болгон микроэлементтер камтылган тамактануу эрежесине тезирээк өтүү керектигин белгилешкен.

sputnik