Дүйнөдө кайсы валюталар кымбаттап, кайсылары арзандайт. Божомол

14 февраля 2022 Дүйнөдө кайсы валюталар кымбаттап, кайсылары арзандайт. Божомол

Адис учурда мыкты позицияда кармалып турган акча бирдиктерин атап, буга эмне себеп болуп жатканын түшүндүрдү.

Ушул тапта АКШ доллары менен Швейцария франкы бардыгынан күчтүү болуп турат. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине РУДНдин экономика факультетинин доценти Владимир Григорьев билдирди.

Адистин айтымында, АКШ экономикасынын лидерлик позициясы доллардын күчүн жоготпой турушуна өбөлгө түзүүдө.

"Көп нерсе АКШнын Улуттук банкынын ролун аткарган Федералдык резервдик системасынын аракеттеринен көз каранды. Ал жакында башка банктарга кредит берүү боюнча өз ставкасын дагы көтөрүүнү пландап жатат. Бул нерсе доллардын баасынын жогорулашына алып келет", — деди Григорьев.

Ал эми Швейцария франкынын "кадыры" кармалып турушуна өлкө экономикасынын туруктуулугу жана Швейцариянын дүйнөлүк финансыдагы орду жардам берүүдө.

Наркы түшө турган валюталардын катарына евро, япон йенасы жана британ фунту кирет.

"Евро бир нече өлкөнүн акчасы болгондуктан абалы олку-солку болуп тура бермекчи", — деди адис.

Ошондой эле ал Кытай экономикасы бутка турган сайын юандын позициясы жакшырышы мүмкүн экенин кошумчалады.

sputnik