Диетолог алсыз, эч нерсеге көңүлү жок адам кандай витамин ичиш керектигин айтты

14 февраля 2022 Диетолог алсыз, эч нерсеге көңүлү жок адам кандай витамин ичиш керектигин айтты

Күндүн нуру көп жетпегенде, туура эмес тамактанууда же коронавирустан кийин адамдын организми чарчап калат.

 Диетолог Елена Соломатина организмге витамин жетишпей жатканда адам алсыз, эч нерсеге көңүлү жок болуп каларын белгилеп, аны менен күрөшүү жолдорун айтты.

Медик белгилегендей, күндүн нуру көп жетпегенде, туура эмес тамактанууда же коронавирустан кийин адамдын организми чарчап калат.

"Алсыздык же маанай жок болгон учурда С витамини сөзсүз керек. Бул үчүн кышкысын тоңдурулган жемиш жеген оң. Анткени дүкөндө сатылгандары анчалык пайдалуу эмес", — деген диетолог.

Дарыгердин айтымында, адам чарчап, алсыз болуп турганда D витамини жардам берет. Бул витамин иммунитетти да бекемдейт.

"Адамдардын 80 пайызында D витамини жетишсиз. Алар күнгө чыкпайт, балык жебейт. Жок дегенде жумасына треска балыгынын боорун жеп койсо пайдалуу. D витамини жумуртканын сарысында жана сүт азыктарында дагы бар. Деңиз азыктарын ала албасаңыз дарыканадан D витаминин алып ичиңиз", — деген диетолог.

Буга чейин британиялык диетолог Холли Зокколан кыш мезгилинде организмге керектүү болгон витаминдер менен микроэлементтерди атаган. Алардын арасында жогоруда сөз кылган эки витамин бар.

sputnik