Төшөктө башка эч нерсени ойлобоонун 5 амалы

11 февраля 2022 Төшөктө башка эч нерсени ойлобоонун 5 амалы

Секс учурунда көбүнчө түгөйлөрдүн ою болуп жаткан “ишке” эмес, башка нерселерге бөлүнө берет. Андайда эмне кылуу керек? Бүгүн өзгөчө аялдарга пайдасыз ойлордун арылууга жардам бере турган кеңештерди сунуштайбыз.

Биринчиден, денеңизди бош коюп, ашыкча ойлордон арылууга аракет кылыңыз. Күн сайын 10-15 мүнөт убактыңызды өзүңүзгө бөлүңүз. Бул сиздин психикалык абалыңызды нормалдаштырууга жана чарчоону басууга жардам берет. Мисалы, сиз күн бою иштеп чарчап, шалдырап калышыңыз мүмкүн. Жумушта кесиптештер менен да түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн. Баарынан бир убакта кутулууну кааласаңыз, кечинде 15 мүнөт йога көнүгүүлөрүн жасаңыз. Тынчтандыруучу көнүгүүлөрдү Интернеттен оңой тапса болот. Мындай тынчсыздануунун алдын албасаңыз, өнөкөткө айланып кетүү коркунучу бар.

Керексиз ойлордон арылууга денени силкүү жакшы жардам берет. Ал үчүн тынч бөлмөдө жалгыз калып, смартфонуңуздан обондуу музыка угуп, кол-бутту, башыңызды чайкап бийлеңиз, мүмкүн болушунча кыймылдаганга аракет кылыңыз. Эсиңизде болсун - сиз кыймылды тынымсыз өзгөртүп, дененин бардык бөлүктөрүнө таасир этишиңиз керек. Эң негизгиси бул көнүгүүнү берилип аткарыңыз. Бийден башканы ойлобоңуз.

Дагы бир натыйжалуу тажрыйбалардын бири - ар кандай көнүгүүлөрдү жасоо. Бул көнүгүү абдан пайдалуу. Көнүгүү жасоо үчүн: бир кырыңыздан жатысыз. Андан кийин экинчи кырыңызга которулуңуз. Денени полдон ажыратпаш которулуш керек. Ошондо гана бул тажрыйба эффективдүү болот.

Дем алуу көнүгүүлөрү да чөккөн маанайды көтөрүп, стресстен арылтат. Терең дем алып, денеңизге бардык жүктү чогултуп, анан дароо чыгарасыз. 10 мүнөттөн кийин өзүңүздү жеңил сезип, төшөккө тартыласыз.

Курсак менен дем алып көрүңүз. Ашказаныңыз кампайып, болушунча шишигенче дем алып, анан абаны чыгарыңыз. Бул көнүгүүлөрдү чалкалап жатып жасоо ыңгайлуу. Ал эми бутту бүгүп алуу керек. Бул көнүгүү менен сиз ичиңиз менен белиңизди бошотуп, эсс аладырасыз.

Жылаңаяк бийлеңиз. Денени бошотуунун эң жакшы жолу – жылаңайлак бийлөө. Тез ырдалган ырлар менен жөнөкөй, ритмдүү обондорду кезектештирүү зарыл. Үй-бүлөңүз тынчыңызды албасын. Ошондо гана сиз жакшы эс аласыз.

Жубайыңыз менен болгон мамиледе “башкы ролдо” өзүңүз болуңуз. Көз менен да, тил менен да ырахат алууга аракет кылыңыз. Мисалы, сүйүктүүңүзгө жылуу сүйлөп, анын унчукпай коюусуна жол бербеңиз. "Мага ушундай кылганың абдан жагат", “Ушул жеримди катуурак укалачы” деп анын да делебесин көзгөп коюңуз. Бул көнүгүүлөрдүн эң маанилүүсү экенин унутпаңыз. Өзүңүзгө жаккандардын баарын жасатууга аракет кылыңыз. Ошондо гана төшөк ырахатына канааттанасыз.