Аял өзүнүн эмчек сүтү менен жаштыкты сактоого болорун аныктады. Видео

11 февраля 2022 Аял өзүнүн эмчек сүтү менен жаштыкты сактоого болорун аныктады. Видео

Жаш эне Эмбер өзүнүн эмчек сүтү сулуулук менен териге кам көрүүдө алмаштыргыс таасири бар экенин интернеттеги баракчасына жазып чыкты. Ал эне сүтүн чачка жана бетке колдонуудан тышкары, аны ичүү жаштыкты сактоого жардам берерин айтты.

tiktok.Видео

Блогер аял бала багуудагы уйкусуз түндөр аялдын сулуулугуна терс таасирин тийгизерин айтып, анын алдын алуу үчүн эмчек сүтүн ичээрин моюнга алды. Аял күн сайын өз сүтүн ичет. Анын айтымында, бул жоголгон энергияны толуктап, чарчоо менен картаюунун алдын алат. Ал ошондой эле тери, чачка кам көрүү жана тиш агартуучу каражаттардын ордуна өзүнүн сүтүн колдоноорун айтты.

Бирок, блогердин бул аракетин интернет колдонуучулары катуу сынга алышкан. Бири сулуулук үчүн жасалган бул кадамды колдосо, бири сындап, каршы чыккан. «Сүт балага жетпей калбайбы, бул чындыгында ысырап», «акылсыздык», «мен аны иче албайт болчум» деген пикирлер айтылды.