Кан тамырда тромб пайда болгондо организм кандай белги берет? Адистин жообу

10 февраля 2022 Кан тамырда тромб пайда болгондо организм кандай белги берет? Адистин жообу

Кан тамырда тромбдун пайда болгонунан кабар берчү бир нече белги бар. Аларды РИА Новости агенттигине медицина илимдеринин доктору, кардиохирург Андрей Чупин санап берди.

"Колу-буттун оорушу, манжалардын сенек болушу калышы жана теринин бозоруп кетиши кан айлануу системасында мүчүлүштүк болуп жатканынын белгиси. Мындайды байкаган адам дароо тез жардам чакыртышы керек. Анткени көп өтпөй кол менен бут кыймылдабай калышы ыктымал", — деди Чупин.

Ошондой эле адис тамырда тромб пайда богону аныктаса, ага каршы тез арада чара көрүлүшү керектигин билдирди. Мисалы, курч тромбоз болсо, операция жолу менен алып салууга туура келет. Антпесе адам колунан же бутунан ажырап калышы мүмкүн.

Андан жеңилирээк формасы болгондо, атайын терапия жасалып же дары-дармек менен менен уюган канды айдап чыгарышат. Хирург дарылоо жолдору тромбдун түрүнөн көз каранды экенин кошумчалады.

sputnik