Дүйнөдө 7-8и эле калган. Сейрек кездешкен кара жолборстордун сүрөтү

10 февраля 2022 Дүйнөдө 7-8и эле калган. Сейрек кездешкен кара жолборстордун сүрөтү

Индияда фотограф Сатья Свагат жер жүзүнөн жоголуп баратат деген өтө сейрек кездешкен кара жолборсторду сүрөткө тартып алган. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазып, сүрөтчүнүн эмгектерин жарыялады.

Жоголуп бара жаткан жырткычтарды сүрөтчү Одиша штатындагы Нанданканан улуттук паркында сейилдеп жүргөн жеринен көргөн. Эксперттер мындай кара түстөгү жолборстордун дүйнөдө 7-8и эле калганын белгилешкен.

Фотограф алардан 10 метрдей эле алыстыкта турганын, жырткычтарды көрөрү менен денеси дүркүрөп кеткенин айткан.

"Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Чоң мышык көз алдымда кыймылдап жатканын көрүп, бир саамга колумдагы фотоаппаратты да унутуп калыптырмын. Сейрек кездешкен жолборстун сулуулугуна арбалып калдым", — деген Свагат.

Маалым болгондой, бул сүрөттөр былтыркы жылдын ноябрь айында камерага түшүрүлгөн.

sputnik