Кар дагы жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

10 февраля 2022 Кар дагы жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Апта аягында көпчүлүк жерлерде кар жаап, жолдор тайгак, тоңголок болушу ыктымал. Бишкекте 12-февраль күндүз жана 13-февраль түнкүсүн кар жаашы божомолдонду.

Чүй, Талас облустары

12-февраль, ишембиде Чүйдүн көпчүлүк аймактарына кар түшүп, абанын температурасы 1...6 градуска чейин суук болот. Ал эми 13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Таласта дагы 12-февралда кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы -1…+1 градуска төмөндөйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

12-февралда түштүк аймактарда кар түшүүсү, кээ бир жерлерде кар катуу жаашы божомолдонууда. 13-февралда тоолорго жаайт. Ал эми өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 3...5 градусту көрсөтөт.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көлдө 12-февраль күндүз жана 13-февраль түнкүсүн кар жаай турганы айтылды. Абанын температурасы -1...-6 градуска жетет. Ал эми Нарында ишемби, жекшембиде да кар жаай турганы божомолдонду. Сууктун күчү бул аймакта -1…-3 градус болушу ыктымал.

sputnik