Кызымды атасы менен табыштыргым келет. Заманасы куурулган эненин баяны

10 февраля 2022 Кызымды атасы менен табыштыргым келет. Заманасы куурулган эненин баяны

“Менин атам – эң жакшы адам” деген ырды уккан сайын кызымдын көзүнө жаш тегеренет. Кызым: “Апа, ушул ырды мен атама ырдап бергим келет. Неге мага мындай бакыт буйруган эмес” дегенде өзүмдү катарга жай таппай кетем, дейт биздин окурман. Айтымында күйөөсү мындан он беш жыл мурун таштап кетиптир.

“Күйөөм экөөбүз бири-бирибизди чындап сүйүп, кошулдук. Көп балалуу үй-бүлөнүн ортончу келини болдум. Кайненем эрте жесир калган, абдан күчтүү аял болчу. Мени жылуу тосуп алышты. Башка келиндеринен өзгөчө жакшы көрчү. “Жайган камырың кагаздай жука” деп кайненем мактап турчу. Айтор үйдүн ардактуу келини болгом. Бирок, ойдогудай болбойт экен, балалуу боло албай кыйналдык. Кудайым бала берип, бирок эки балам тең алты-жети айлык болгондо оорубай чарчап калышты. Ушундай окуялардан кийин чоңдор акылдашып, жер которууну сунушташып, шаарга көчүп келдик.

Биз көчүп келген жылдары баары жакшы болчу. Жолдошум экөөбүз жумушка орноштук. Мен фабрикада тигүүчү болсом, жолдошум темир жолдо иштечү. Бир жылдан кийин боюма бүттү. Кудайым бизге кыз берип, аман-эсен төрөп алдым. Ошондо күйөөм сүйүнүп, төрөт үйүнүн алдына жаш баладай секиргени эсимде. Ошол учурда менден бактылуу жан жоктой эле...

Кызыбыз үч жашка чыкканда күйөөмдүн өнөрү чыга баштады. Бишкек-Москва каттамында проводник болгондуктан, жумуштан кеч келип, командировкага кетиши керектигин, билимин өркүндөтүшү керектигин айтып, үйгө түнөбөй турган болду. Башында маани берген эмесмин. Кийин аны менен чогуу иштегендердин аялдары “күйөөң бирөө менен жүрөт экен, байкасаңчы” деп калышты. Чынында ал поездде иштеген шериги менен ойноп жүрүптүр. Буга чейин урушуп көргөн эмеспиз. Кантип ушул даражага жеткенибизди түшүнө албадым.

Күйөөмдүн ойноп жүргөнүн уккан кайненем менен кайнагам “айылга көчүрүп келели, ошондо тынчып калар” деп, көчүрүп кетишти. Алгачкы алты ай жакшы өттү. Мурунку кезибизге кайткандай болдук. Күндөрдүн биринде урушпай эле кийимдерин жыйнап шаардагы аялга жөнөп кетти. Кызымды кучактап ыйлаган бойдон калдым...

Башында кайын-журтум күйөөмдү кайтарып алуунун ар кандай амалын кылышты. Кайненем барбаган көзү ачык калган жок. Баары бирдей “Балаң дубаланган. Башы айланып калган. Эркин эмес” дешет. Чынын айтсам, мен да ошол сөзгө ишендим. Болбосо, мени сүйүп алып, кызы үчүн жанын берүүгө даяр адам минтип үйдөн безип кетеби?

Аракетинен жыйынтык чыкпаган соң, кайненем “Тилиңден да, тиричилигиңден да кынтык таба албадык. Баламды токтото алган жокмун. Бул сасыркы жумуртка болду. Өз колумду өзүм чаба албай, уят болдум. Биз да сени кыйбайбыз. Эми кетем десең, өз эркиң, башыңды байлабайм” деп батасын берди.

Кайненемдер айылдагы үйдү сатып, ага акча кошуп, шаардан эки бөлмөлүү батир сатып беришти. Күйөөмдү чындап сүйгөндүктөн, “ат айланып казыгын табат” деп үмүт кылып, башка турмушка чыккан жокмун. Азыр аныма өкүнөм. Кызым жалгыз калды.

Айтайын дегеним, кызым “атамды көрсөм, аны менен сүйлөшсөм” деп кыялданат. Мен бир нече жолу «өз балаң го, жок дегенде телефондон сурап койчу» дедим. Макул дейт да, кабарсыз кетет. Биз эле эмес, апасынан да кабар албайт экен. Ошол баягы аял менен жашайт, бирок балалуу болушкан жок. Андай экен кызынан эмнеге качып жүргөнүн түшүнгөн жокмун. Кызы менен атасын кандай табыштырсам деп башым катып жүрөт..."