Жиниңиз мурдуңуздун учурдабы? Ачууга тез алдырган аялдарга 6 кеңеш

10 февраля 2022 Жиниңиз мурдуңуздун учурдабы? Ачууга тез алдырган аялдарга 6 кеңеш

Ачуулануу – бул ар бир адамга терс таасир эте турган касиет жана мүнөздүн бир түрү. Ачуунун өз орду бар, орунсуз ачууга алдыргандар бар. Күнүмдүк турмушта ачууга тез алдырган кыздар менен аялдарды жолуктуруп эле жүрөбүз. Алардын ачууга тез алдырганы нер системасынан болушу мүмкүн.

1. Ачуу менен ыза – келесоолуктун белгиси. Андыктан, ачууланган адамга кыйкыргандын ордуна өзүңүздү басып, эс алыңыз. Таарынышып аны да, өзүңүздү да кыйнабаңыз. Өткөн ишти калыбына келтире албагандыктан, келечекте кайталабоого аракет кылыңыз. Ачык сүйлөшүү жардам берет.

2. «Айтылбаган сөздүн кожоюнусуң, айтылган сөздүн кулусуң» дегендей, кандай учур болбосун, ичтеги сөздөрдү айтпай, сабыр кылыш керек. Ачуу менен айтылган катуу сөздөр бат эле унутулбайт. Ачууга алдырып, кийин анын узак мөөнөттүү кесепеттери менен күрөшүүнүн кереги жок.

3. Канча жолу ачууңузга тийсе да, ал адамдын көзүнө тике карап, эч нерсе дебей, кетип калыңыз. Бул аны ойлонтушу мүмкүн. Өзүнүн катасын сездиресиз. Күнөөлүү адамдын алдында аброюңуз арта түшөт. Баардык нерсе ачуу менен эмес, кечиримдүүлүк менен жасалышы керек.

4. Ачууланган адамга каяша кайтарбаңыз. Сиз ага утулуп каласыз. Андайда сабырдуу болуңуз. Өзүңүздү коёрго жай таппай, ичиниздеги терс энергияга ага чачпаңыз. Мындайда жакын адамыңыз менен сүйлөшүп, сырдашыңыз.

5. Өзүңүзгө “токто” деп айтып, муну адатка айлантыңыз. Жашоодо кечирилгис нерсе жок. Ким күнөөлү экендигин айырмалай турган сиз эмессиз. Ар ким өз иши үчүн жооп берери белгилүү.

6. Ачууга алдырып, кимдир бирөөнү капа кылгыңыз келбесе, анын телефон чалууларына жооп бербеңиз. Өзүңүзгөө келүүнүн дагы бир жолу - жалгыз калуу, музыка угуу же сейилдөө.