Пилот аял биринчи учуп чыкканда эле истребителди талкалап алды. Видео

9 февраля 2022 Пилот аял биринчи учуп чыкканда эле истребителди талкалап алды. Видео

Истребителди дүйнөдө биринчилерден болуп башкарган аял биринчи ирет асманга көтөрүлгөндө эле баасы 100 миллион долларды чапчыган F-35ти талкалап алды. Бул туурасында Avia. pro ресурсу жазган.

Америкалык F-35 Carl Vinson деп аталган учактар көтөрүлүп жана конууга ылайыкталып жасалган согуштук кемеге урунган. Бул туурасында аталган кеменин экипажынын мүчөлөрүнүн бири айтып берген. Ал бирок пилот аялдын кемеден учуп чыгып, кайра конуу боюнча программаларды мыкты өздөштүрүп, буга чейинки сыноолордон жакшы өткөндүгүн билдирген.

АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкармалыгы бул окуя боюнча эч кандай расмий маалымат бере элек.

sputnik