Узак өмүр сүрөм дегендер тамактанууда эки эрежени сакташы керектиги айтылды

9 февраля 2022 Узак өмүр сүрөм дегендер тамактанууда эки эрежени сакташы керектиги айтылды

Тамактануунун кайсы эрежелери өмүрдү узартып, ден соолукту чыңдоого жардам бере турганын Sputnik радиосуна Россиянын Илимдер академиясынын академиги, Тамактануу, биотехнология жана тамак-аш коопсуздугу боюнча федералдык изилдөө борборунун илимий жетекчиси Виктор Тутельян айтып берди.

Ал белгилегендей, биринчиден, тамактын калориясы күчтүн сарпталышы менен дал келиши керек. Ашыкча энергиялык баалуулук бир катар ооруларды, анын ичинде жүрөк-кан тамыр илдеттерин пайда кылат. Ал эми калориянын аздыгы адамды арыктатып, организмдин начарлашына алып келет.

Экинчиден, организм керектүү 200дөй химиялык бирикмени алып турушу керек. Анын 30-40 түрү эң зарыл болуп саналат.

"Булар витаминдер, минералдык заттар, микроэлементтер жана башка амин кислоталары. Ошондой эле күнүмдүк тамак-ашта белок болушу керек", — деген Тутельян.

Адис жашы өткөндөр жеңил сиңе турган тамактарга өткөнү туура болорун кошумчалады.

sputnik