Айнекти жууган суу тоңуп калбаш үчүн эмне кылуу керек. Айдоочуга кеңеш

9 февраля 2022 Айнекти жууган суу тоңуп калбаш үчүн эмне кылуу керек. Айдоочуга кеңеш

Айдоочулар айнек жуугуч суюктук кышында тоңуп, карайлап калбаш үчүн эмне кылыш керектигин "Прайм" агенттигине адистер айтып беришти. Тагыраагы, бул жааттагы адис Павел Сидоров бир нече кеңеш берген.

Биринчиси, суюктуктун канча градус аязга эсептелгенин карап, маселен, -30га чыккан суукта пайдаланса болот дегендерин -20 градуска ылайыктап алыш керек.

Адис аны төмөнкүчө түшүндүрүп берди.

Жыйырма градуска чыдайт деген продукция тоңуп калышы мүмкүн. Себеби аны даярдагандар сынап жана суюктукту жасап жатканда дал ошол орточо белгиленген чекти алышкан.

Автоэскперт мындан ары "эмне бар, эмне жок, алдын ала даярданып алайын" деген принцип менен мамиле кылууга кеңеш берген. Башкача айтканда, эгерде көчөдө -20 градус болсо, сыртында -30 градуска чыдайт деген жазуусу барын алуу туура болорун айткан.

Экинчи учур - сапатсыз болуп калганы. Эгерде жашаган аймагыңыз жылуураак болуп, ал эми сиз чыкылдаган аязга жарайт дегенин алып, бирок тоңуп калса, демек, ал – начар продукция.

"Кыязы, анын курамына башка заттар кошулуп кеткен. Өндүрүүчү үнөмдөөнү чечкен же башка нерсени аралаштырып, будамайлап жиберген. Андыктан кез келген жерден эле сатып ала бербестен, ишенимдүү жайларды карап же дүкөндөргө токтолгон дурус. Дагы эске сала турган нерсе – сапатсыз продукцияларда байкалбаганы менен ден соолукка зыянын тийгизе турган уулуу заттар да болушу мүмкүн", — деп эскерткен Сидоров.

Үчүнчү нерсе – айдоочунун өзүнүн күнөөсүнөн улам суу тоңуп калды дейли.

"Коопсуз жана оңоюраак ыкма – темир тулпарды жылуураак жайга (жылытылган гараж же автокөлүк токтотуучу жай, автоунаа жууган жерлерге) киргизе туруш керек. Андан соң сууну же сапатсыз суюктукту ишенимдүүсүнө алмаштырып салган оң", — деген Сидоров.

Адис азыркы автоунаалардын айнек тазалаган суу куйган челеги татаал жасалгандыктан, аны ачууга аракет кылбай эле коюуга кеңеш берген.

"Кээ бир айдоочулар тоңуп калган муздун үстүнө таза спиртти куюп жиберип эритүүгө аракет кылышат, бирок ал деле сиздин 5-10 мүнөттө жолго чыгып кетүүңүзгө жардам бере албайт. Ал эрип, насос сууну соруп өйдө чыгаргыча бир топ убакыт кетет", — деп кошумчалаган адис.

sputnik