Мен үч жигитке бирдей үмүттөндүрүп жүрөм. Кандай кылсам экен?

9 февраля 2022 Мен үч жигитке бирдей үмүттөндүрүп жүрөм. Кандай кылсам экен?

Саламатсыздарбы! Сырттан олуттуу көрүнсөм да, жан дүйнөм башкача. Себеби, мен бир нече жигитти катары менен жактырып калмай адатым бар. Бул сезимди өзүм да түшүнбөйм.

Азыр мени жактырган 3 жигитим бар. Албетте, алар бири-бирин тааныбайт. Ар бирине жолукканда үчөөнү тең жылуу көз менен карап, баарына бирдей үмүт берем. Бирок, чекит коё турган кез келет. Анткени, ар бир нерсенин жообу болот. "Сен эмне деп жооп бересиң, мени менен болосуңбу?" деген суроолор болору анык. Албетте, алар так жооп сурашат. Ошондо кимди тандаарымды билбейм. Анткени, мага үчөө тең жагат.

Досторум “калп сезим, чыныгы сүйүү болгондо андай болбойт” дешет. Бирок, алар мага жакпаса убакыт коротуп жолукпайт эле да. Кантип кучакташмак элем, туурабы?

Мен аны менен жолуксам, анысы жагат, муну менен жолуксам, мунусу жагат. Бир күнү эки тоонун отун эңсеген кийик болбосом эле...

Үч жигитти бирдей тушап алып жүргөнүм туура эмес экенин билсем да, өзүмдү башкара албай жатам. Кээде “бир нече кыз менен жүрүп, ыйлатып таштап кеткен жигиттер бар эпеспи, анда мага эмнеге болбосун” деп ойлоп кетем.

Эмне деп кеңеш бересиздер?