15 жыл үй кызматчысы болуп иштеген аял министрдин орун басары болуп дайындалды

4 февраля 2022 15 жыл үй кызматчысы болуп иштеген аял министрдин орун басары болуп дайындалды

Чилиде 15 жыл бою үй кызматчысы болуп иштеген аял министрдин орун басары болуп дайындалды. 1-февралда Чилинин президенти Габриэль Борич өзүнүн Twitter баракчасы аркылуу жаңы өкмөттүн курамын жарыялады.

Президент министрлердин болочок орун басарлары дайындалганын билдирди. Алардын бири - 15 жыл бою үй кызматчысы болуп иштеген аял Лус Видал Уирикео. Ал аялдар жана гендердик юстиция министринин орун басары болуп дайындалды.

Аял Чилидеги ар кандай үй-бүлөлөрдүн үйлөрүн жыйнап келген. Бул тууралуу маалымат анын кыскача өмүр баянында бар.

Лус Видал мурда үй кызматчыларынын кесиптик уюмун жетектеп келген. Мурдагы кесиптештери аны жаңы кызматы менен куттуктап, колдоорун билдиришкен. Видаль өзү президентке ыраазычылык билдирип, аялдардын укугун коргоо үчүн колдон келген аракетин жасай турганын айткан.

twitter.com