Садыр Жапаров Кытайга ким менен учуп кетти. Делегациянын курамы

3 февраля 2022 Садыр Жапаров Кытайга ким менен учуп кетти. Делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Жапаров Кышкы Олимпиада — 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Анда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

Президентти коштоп кеткендердин тизмеси:

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова;

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.

sputnik