Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды

3 февраля 2022 Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды

Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган кызматты Эрлан Абылдаев ээлеп келген. Ал элчи болуп 2020-жылдын июль айында дайындалган болчу.

sputnik