Балбак Түлөбаев президентке кайрылып айрым министрлерди иштен айдоого чакырды

3 февраля 2022 Балбак Түлөбаев президентке кайрылып айрым министрлерди иштен айдоого чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев президенттин айланасындагы кээ бир кадрлар ага зыянын тийгизе баштаганын айтып, тазаланууга чакырды.

Ал кызматка дайындалган аткаминер Эдил Байсалов шайланган депутаттарды сындап жатканы орунсуз экенин айтты.

"Президенттин өкмөтүн коргоп жатып мага "пахтакор" деген ат коюшту. Туурасын жазып, өкмөт жакшы иштеп жатат дегеним үчүн "пахтакор" дешти. Эми ага терикпейм, эл кандай ат койсо ошого татыктуубуз. Бирок аткаминер өзүнүн ордун билиши керек да. Президенттин айланасындагы кадрлар зыянын тийгизе башташты. Буларды тазалаш керек. Болбосо ошолор башкага көлөкө түшүрүп жатат", — деди Түлөбаев.

Ошондой эле депутат экономика, саясат жаатындагы жылыштар, тарыхый окуялар болуп жатканын, бирок анын баарын бир-эки министр эле жокко чыгарып коюп жатканын белгиледи.

"Урматтуу Садыр Нуркожоевич, айланаңыздагы кээ бир министрлерди иштен айдаңыз. Муну өзүңүздүн жериңизден шайланган депутат Акылбек Түмөнбаев дагы айтып атат. Ушуну караганга убакыт келди. Мен президенттин тарапташымын деп айтып келе жатам, эми бизди дагы угуп койгула да, элдин арасында жүрүп көрүп жатпайбызбы", — деп кайрылды эл өкүлү.

Андан соң Исхак Масалиев президент өзү дайындаган кадрларды оңой менен иштен албай турганын белгилеп, андан көрө алардын мыйзамсыз иштерин ачыкка чыгарууга чакырды.

sputnik