“Жакшы келин кызыңдай, жакшы күйөө уулуңдай” дейт эл ичинде. Бирок, кээде жашоо башка нукка бурулуп, күтүлбөгөн окуяларга туш болобуз. Масалы, Зарипа аттуу аял күтүүсүз окуяга туш болгонун, тагдыры талкаланганын айтат.
«Мындай шермендечиликти жайып салганым үчүн мени эч ким күнөөлөбөсө экен... Мындайлар кайдан, неден чыгып жатат? Адамдын акылы бузулуп, айбанга айланып баратабы?! Көкүрөктү өрттөгөн шермендеге чыдай албадым... Баарын жайып салгым келди.
Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 30 жылдан ашты. Эки уулубуз бар. Улуу баламды төрөлгөндө жатканда дарыгерлер аны жыгып алып, мээсин жабыркатып коюшкан. Натыйжада ал өзүнүн курдаштарынан акыл-эси артта калды. Бирок, буту-колу соо, таза сүйлөйт. Анын кээ бир кылыктары жаш баладай. Мисалы, ал жумушун таштап, жаш балдар менен ойноп кете берет. Кээде күлкүлүү эмес нерселерге күлө берет. Анткен менен, эч кимге зыяня жок...
Ушул баламдын тагдырына абдан кабатыр болом. Көрсөттүм, дарылаттым, бирок майнап чыккан жок. Анан көнүүгө туура келди. Акыл-эси кем болгондуктан, окуй алган жок. Мектепти бүткөндөн кийин өзүмдүн жаныма базарга, соодага алып чыктым. Базарда жашылча сатабыз, баштык көтөрүп, араба сүйрөп, жардам берет.
Беш жыл мурун ушул баламды үйлөдүм. Эжелерим себепкер болуп, кыз табышты. Анын да ден соолугу жакшы эмес экен, бирок акыл-эси, сүйлөгөнү баары жакшы. Анысына караган жокпуз, жөн гана үй-бүлө болуп, өсүп-өнсүн дедик.
Балам абдан сүйүндү. Аялын чындап жакшы көрдү. Бир аз пенсиясы бар эле, күн сайын аялына жаш баладай таттууларды алып келип, көйнөктөрдү алып берип, кубанычтан башы айланып жүрдү. Келинимдин мүнөзүн байкабай жүрдүм. Эртең менен кетип, кечинде келем. Келсем тамагым даяр, үйүм жыйналуу. Удаа эки неберелүү болдук. Мындан артык эмне эмне керек, тагдырыма шүгүр кылдым. Бирок, мен билбеген нерселер көп экен...
Сыналгыдан көргөндөрүм жашоомдо кайталанары деп үч уктасам түшүмө кирбейт эле. Кыскасы, баламдын экинчи баласы андан эмес, кайын атасынан болуп чыкты... Аны кокусунан билип калбаганда маскара улана бермек экен.
...Акмактардын бул жоругу эки жылдан бери уланып келиптир. Биз соодабыз, жолдошум түндө кароолчу, күндүзү үйдө. «Балаңыздын бала тирилигинен тажадым. Төшөктө да эч эби жок» деп тартынбай келиним айтып отурду. Ошондо туталанганым ай...
Ушулар эч нерседен кем болбосун, жашап кетишсин деп тырбалаңдап жүргөнүмө кейидим. Келинимди койчу, күйөөмдү кантейин, ушундай акмак менен кантип отуз жыл жашадым? Экөөн балдары менен кошо үйдөн кууп чыктым. Алар дагы деле чогуу жашашат экен деп уктум...
Балама бул катуу тийди. Атамды өлтүрөм деп далай чуу чыгарды. Аялын, уулун кыйбайт.
Ошондон кийин экинчи уулум да үйдөн чыгып кетти. “Силердин индия кинолоруңардан тажадым, уят болдук” деп кетип калган. Азыр ал бир аялдын үстүнө кирип алган. Анда-санда келип кетпесе, биз менен иши жок. Биз чоң балам экөөбүз баягыдай базарга бапы-келип жүрөбүз.
Азыр менин кыялым уулума ыймандуу, ак ниет жар табуу. Экөөн үйлөндүрүп, неберелүү болгум келет”.