18-кабаттан кулаган киши 10 жаштагы кыздын үстүнө түшкөн

3 февраля 2022 18-кабаттан кулаган киши 10 жаштагы кыздын үстүнө түшкөн

Санкт-Петербургда эркек киши үйдүн 18-кабатынан кулап, 10 жаштагы кыздын үстүнө кулап түшкөн. Окуя 1-февралда болгонун RBC.ru сайты маалымдайт.

Каргашалуу окуя Приморск районундагы Комендантский проспектисинде болгон. Эркек киши апасы менен мектепке бара жаткан кыздын үстүнө түшкөн. Киши окуя болгон жерден каза болуп, кыздын баш мээси чайкалып, буту сынып, ооруканага жеткирилет.

Басылманын маалыматына караганда, маркум апасы жана жубайы менен бирге турган. Окуя болгонго чейин ал жумуш берүүчү менен сүйлөшүү үчүн балконго чыгат. Алдын ала маалымат боюнча, ал киши психиатрдын каттоосунда турган.

Приморский районунун полициясы окуя боюнча иликтөө иштерин баштады. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.