Мектепдеги чатактар: мугалим менен балдарды кантип коргоо керек?

2 февраля 2022 Мектепдеги чатактар: мугалим менен балдарды кантип коргоо керек?

Иш-чара 2-февралда, саат 14:00дө онлайн-форматта өтүп, ал Sputnik Кыргызстандын Facebook баракчасында түз алып берилет.

Жакында эле Лебединовка айылы менен Кара-Суу районунда болуп өткөн мугалим менен окуучунун ортосундагы чатак коомчулукта чоң талкууга жем таштады. Мугалимдер иштен кетти. Көп ата-эне алардын балдарына мектепте системалык түрдө басым жасаганды токтотууну талап кылып жатышат. Ал арада мугалимди коргоо боюнча маселе көтөрүлүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги мындай чатакты кантип жөнгө салмакчы? Мугалимдин кадырын кантип көтөрүш керек? Лебединовкадагы окуя кээ бир окуучулар үчүн тескери жакка үлгү болушу мүмкүнбү? Ушул жана башка суроолорду тегерек столдун төмөнкү катышуучулары талкууламакчы:

  • президенттик администрациясынын өкүлү;
  • Рысбекова Жыпариса Боронбаевна — балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл;
  • Ниязова Айнагүл Маликовна — Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз билим берүү академиясындагы Мектептеги жана мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү борборунун директору;
  • Дауталиева Анара Зарылбековна — Билим берүү жана илим министрлигинин координациялык кеңешинин мүчөсү, билим берүү тармагы боюнча эксперт;
  • Турдубаева Гузел Жеңишовна — Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси;
  • Афанасьева Ирина Петровна — КРдеги билим берүү жана илим жаатында иштегендердин кесиптер бирлигинин борбордук комитетинин аппаратынын жетекчиси;
  • Кадыркулов Бедил Мешкенович — КРдеги билим берүү жана илим жаатында иштегендердин кесиптер бирлигинин борбордук комитетинин укуктук техникалык башкы инспектору;
  • Иманкулов Тимур Иманкулович — юридика илимдеринин кандидаты, доцент;
  • Сүйүмбаева Асел Таласовна — 20 жылдык тажрыйбасы бар мектеп психологу;
  • Купавцева Лариса Николаевна — № 24 орто мектептин директордун тарбия иштери боюнча орун басары;
  • Даакыбаева Чинара Билимовна — ата-эне.

Урматтуу кесиптештер, эгерде суроолор болсо (0553) 28-27-97 Telegram номерге жиберсеңиздер болот. Модератор аны түз эфирде берет.

sputnik