Тумандан улам "Манас" аэропортунда каттамдар кармалууда. Тизме

2 февраля 2022 Тумандан улам "Манас" аэропортунда каттамдар кармалууда. Тизме

Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортунда коюу туманга байланыштуу бир катар каттамдар кармалып жатат. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматынан билдирди.

Ал эми сурап-билүү кызматы учурда үч шаардан келе жаткан учактар "Манас" аэропортуна коно элек экенин айтты.

"Шарджа (БАЭ) шаарынан келчү учак саат 3.20да, Москва шаарынан 4.50дө, Стамбул шаарынан 9.50дө конмок. Туманга байланыштуу аларды кондуруу мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат. Бардыгы саат тогуздан жана ондон өтүп конушат", — деди аэропорттон.

Аба кемелери келе электигине байланыштуу ушул эле шаарларга каттамдар кармалууда.

sputnik